ЖЕЛДЕТ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эзүүчүлөр коомунда өлүм жазасына тартылгандарды өлтүрүп, уруп кыйноо кызматын аткарган адам, баш кесер. Бул кара мүртөз желдеттер өлтүрүп коюудан да кайра тартышпайт (Абдукаримов). Желе баскан желдеттер машкедей жойлошуп, Таабалдынын колу-бутун кишендешип түн катырып айдашты (Бектенов). 2. Кызматчы жигит. Желдет болуп барганы («Манас» С. О.). 3. тар. Кандайдыр бир жогорку мансаптагы адамды, көбүнчө монархты кайтаруучу сакчы, аны ээрчип, көбүнчө зордук-зомбулук көрсөтүүчү кызматкери, жигити. Желдеттер тепсеп кетпесин, Алтын такка тура тур («Эл адабияты»). Үй көтөрүп бээ союп, Желдеттерин ээрчитип (Тоголок Молдо). Кырк вазир, кырк жигит, Кырк желдетиң дагы бар (Токтогул). Кандын желдеттери «алал зекет», «түндүк зекет» дедиртип налогдорун жыйнашкан («Ала-Тоо»). Атын желдет алганы («Манас» С. О.). 4. өт. Киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган ырайымсыз, таш боор, канкор. Биздин жерге желдеттин, Буту эркин баса албайт! (Токомбаев). Чоң желдетин жиберип («Манас» С. К.).